super.kg logo

"Эртең менин эне тилим жоголсо, анда бүгүн жанымды кыюуга даярмын". Удмуртияда илимпоз өзүнө өрт коюп, алган оор жаракатынан улам каза болду

 

Удмуртияда илимпоз 79 жаштагы Альберт Разин Мамлекеттик кеңештин имаратынын кире беришинде өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Жыйынтыгында денесинин 100 пайызы күйүп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, илимпоз балдар удмурт тилин окуп, үйрөнүп жана аны унутпашы үчүн күрөшкөн. Ал денесинин 100 пайызы күйгөн абалда ооруканага түшүп, алган оор жаракатынан улам каза болду.

"Жабырлануучу удмурт тилин сактоо үчүн күрөшкөн. Буга чейин ал өлкө депутаттарына "удмурт улуту жоголот. Биз аны сактап калышыбыз керек" деген чакырык таштап келген. Мамлекеттик кеңештин имаратынын алдына "Эртең менин эне тилим жоголсо, анда бүгүн жанымды кыюуга даярмын" деген жазуусу бар плакат көтөрүп кайрылуу жасаган. Ал Удмуртиядагы клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, 79 жашында каза болду", - деп жазылат маалыматта.

Удмуртия Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, философия илимдеринин кандидаты, доцент Альберт Разин 1940-жылы 12-июнда төрөлгөн. Ал Удмуртия мамлекеттик университетинде иштеп келген.

Удмуртия Орусия Федерациясындагы республика. Республикада удмурт, орус жана татар улутундагы элдер басымдуулук кылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.09.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буга чейин укпаган экемин мындай улутту. Чындап эле жоголуп кетиши мүмкүн экен эле да. Жакындарына элине сабыр
10.09.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын тилинин тагдыры дагы ушундай жоголуу коркунучуна келиши мумкун туштуктогу кыргыздар озбекче аралаштырып суйлошот,борбор шаар болсо орусча болуп кетти Россияда жургондой болосун.
10.09.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kyrgyz_bloger,"Жер бетинде кыргыз деген эл жашап турган учурда,кыргыз тили да жашай берет"-деген Чыңгыз ата
10.09.2019. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kyrgyz_bloger,түзштук тарап эч качан Өзбекче сүйлөбөйт. Болгону ар областтын өзүнчө суйломдо өзгөчөлүктөрү бар. Түштук бияк десе түндүк тияк дегендей. Сөзүнө тушуносун болгону өзбектер түштүктө көп болгон үчүн тили бир аз бурулуп кеткен
10.09.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"Таң эрте тил өмүрү бүтөт"десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам,-
деген экен кайран акын А .Токтомушев
10.09.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ит деле Оз тилинде урот экен
Итчелик жоксунарбы деген экен "бироо"
10.09.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин тил деле жоголуу коркунучунда. Бирок ал үчүн эч ким өзүн өрттөмөк тургай ойлонуп да койбойт
10.09.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шаарда иттер орусча урот экен дейт бир карындашым кантип десем гав гав деп урот экен орусча кыргызча кантип урот десем ав ав дейт
11.09.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kurstan_810502,Ха ха го
10.09.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улут болсом, -
тилим менен улутмун!

Анткени тил –
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Паспорту да,
Мандаты да,
Метрикасы улуттун!

Эсенгул Ибраев, Кыргыз Эл акыны
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: