super.kg logo

Чүйдө 2 баланын өмүрүн алган жол кырсыгында жабыркаган окуучу эсине келе элек

 

Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан эки бала каза болуп, бири ооруканага түшкөн окуучу эсине келе элек. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Болот Майканаев SUPER.KG порталына билдирди.

Дарыгердин айтымында, учурда бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор, эсине келе элек. Анын баш мээси жабыркаган.

Кечээ, 10-сентябрда 16 жаштагы окуучу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны сурабай айдап чыгып, Орто-Суу-Полтавка унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, айдоочу бала рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү катары кетип бара жаткан 7 жаштагы тууганы экөө окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.






Чүйдө окуучу айдаган унаа бакты сүзүп, өзү жана 7 жаштагы бала каза болду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дурайн балдарга рцль бербегилечи сурабай деп койдуда баланы баарыбыз жакшы көрөбүз бирок машынаны өзүбүз үйрөтпөй праваны сатып бербей окуталычы эгер балаңын өмүрү баарынан кымбат болсо бала баарибир балада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: