super.kg logo

КСДПнын мүчөлөрү Аскердик прокуратуранын алдына топтолуп арестке алынган имараттагы бөлмөлөрдө иш жүргүзүүгө уруксат берилүүсүн талап кылышты

 

Бүгүн, 11-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү Аскердик прокуратуранын имаратынын алдына топтолушту. Алар камакка алынган "Медиа Форум" имаратындагы партия иш жүргүзгөн бөлмөлөрдү пайдаланууга берилүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдап, төмөнкүлөргө токтолду.

Айтымында, КСДП партиясы "Медиа Форумдагы" бөлмөлөрдү ижарага алып отурушат. Мындан тышкары имараттын бөлмөлөрүн ижарага алып иштеткен партияга тиешеси жок башка да ишкерлер бар.

"Негизи имаратты камакка алганда ижарачылардын ишине тоскоолдук жаралбаш керек болчу. Макул, имарат камакка алыныптыр, бирок териштирүү иштери аяктаганча ижарачылар ишин уланта бериши керек да. Партия ижарага бөлмө алып отурат. А бизде эч нерсени эске албай туруп баарын жаап, кайтарууга алып туруп алышты. Партияга мүчө болом деп келгендерди, партиянын айрым бир иштерин бүтүрүүнү жүргүзүүгө орун жок, иштей албай жатабыз. 50 миң мүчөсү бар партия көчөдө калды.

Ушундай абалдан улам 3-сентябрда биз Аскердик прокуратурага бөлмөлөргө киргизгиле деген өтүнүч менен кат жазганбыз. Буга чейин жооп болбогондуктан бүгүн бул жакка келдик. Аскердик прокуратурадан КСДПнын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинаны кабыл алышты. Ал катты кабыл алган мекеме ага 19 күндүн ичинде жооп берсе боло тургандыгын айтып чыкты. Демек, биз 22-сентябрга чейин күтөбүз", - деди Жолдубаева.

Ошондой эле ал КСДП партиясы "Медиа Форумдагы" бөлмөлөрдү ижарага алып отурганына токтолду. Мындан тышкары, имараттын бөлмөлөрүн ижарага алып иштеткен партияга тиешеси жок башка да ишкерлер бар. Бул көрүнүштү ал мыйзамсыз жасалып жаткан иш-аракеттер деп сыпаттады.

9-августта "Форум" имараты жана "Апрель" телеканалы камакка алынганын ИИМ маалымдаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.09.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаев абакта жатса деле козутканын койбойт экен да, болду да эми, кечке эле элдин тынчын алып, ар кайсы шоуларды баштай береби?
11.09.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардын мээлери жакшы иштебейт десе чычалашат! Кичине башты да иштетиш керек да, жон эле которуп журо бербей!
11.09.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Силер туура эмес адресске барып алыпсынар, ал жакка эмес Пархатиге баргыла, ал жер ошол балага карайт, аны Атамбаев бир эле жолу коргон.Силер шылтоо менен экинчи жоллу коросунор.Кызыксынар ай,камоого алынган дегенди билбейсинерби,атанардын кезинде мыйзам бузуп конгон экенсинер.
11.09.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачка калышкан го байкуштар
11.09.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде Атамбаевдин чоң катасы бар. Кылгылыкты кылган озу ошол жооп берсин мыйзам чегинде.
11.09.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КСДПнын айрым мүчөлөрү жана анын "атасы" Атамбаев ал жерде иштеген элдин тагдырын өзүнүн арам саясатын жасардан мурда ойлосо болмок. Ал жерде бардык кыңыр иштер жасалып жатса анан кайсы жерди жапсын карапайым калктын Ош базарынбы? Мындай "стратегисттреге" АШАнын жанындан орун бериш керек. Ошол жерде орун көп кенен иштей берет. Жада калса бирин-бири көрүп чогуу тамактанып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: