super.kg logo

"Үн катпай коюу эч кимибизди коргобойт". Блогер Юрий Дудь Орусиядагы саясий куугунтукту жаап-жашырбай эркин позицияны карманууга чакырды

 

Кечээ, 10-сентябрь күнү Орусиянын белгилүү журналисти жана блогер Юрий Дудь "GQ" журналынын сыйлоо аземинде "Жылдын адамы" наамына татыды.

Сыйлыкты алгандан кийин Юрий Дудь коомчулукту саясий жана коомдук иштерге кайдыгер карабай, активдүү болууга чакырды. Өз сөзүндө ал конокторго кайрылып, өлкөдөгү саясий куугунтукка, массалык көтөрүлүштөргө, полиция кызматынын мыйзамсыз иш-аракетине, шайлоолордогу бурмалоолор жана коррупциялык иш-аракеттерге кайдыгер карабастан, өз учурунда дароо билдирүүгө чакырды. Үн катпай жана көрмөксөн болуу менен коопсуздугуңду камсыздоого кепилдик жок экендигин баса белгиледи.

"Менин жалпы коомчулукка карата өтүнүчүм бар. Орусияда буга чейин болгон көчөдө өтүп бара жаткан адамдарды дубинка менен ур-токмокко алып баштаса, мамлекеттин казынасына мыйзамсыз кол салып, шайлоолордо урналарга мыйзамсыз жана жараксыз кагаздарды добуш катары салып жатышкандыгына күбө болсоңор дароо бул тууралуу коомчулукка билдирүүңөрдү өтүнөм.

Менин оюмча бүгүнкү күндө үн катпай коюу коргоп калуучу тумар болбой калды. Эгер сен көрүп-билгениңди жашырып, ачык айтпай койсоң эле коопсуз жайдасың дегендикке жатпайт. Көз көрбөгөн, кулак укпаган жерге кетсең да тапчу адам таап алат. Демек, айырмасы жок болгондон кийин, эмне себептен көз көрүнөө болуп жаткан баш аламандыкка бетме-бет келүүнүн ордуна үндөбөй коюшубуз керек?", - деди ал.

Ошондой эле саясатка карата айтылган ачык-айкын пикир үчүн кызмат ордунан четтеп калуудан коркпош керектигин да айтып өттү. Канчалаган адамдар саясий кысымга жана акыйкатсыздыкка күбө болсо да үн катуудан корккондугунун бирден бир себеби ээлеген кызматынан четтеп калуу экендигин айтып, мээси жана колу бар адам бекерчилик менен ачкачылыктан өлбөй тургандыгын эскертүү менен өз сөзүн жыйынтыктады.

Бул жылы Юрий Дудь бир канча көрүнүктүү иштери менен эсте калды. Айта кетсек, "Беслан" каргашалуу окуянын 15 жылдыгына карата даректүү тасма тарткан, ошондой эле сталиндик репрессия тууралуу "Колыма" фильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: