super.kg logo

"Бакай Банктын" Ислам финансы борбору үчүн чыгарган жаңы картасы исламдагы каржылоонун бардык принциптерине жооп берет

 

Урматтуу кардарлар, атайын сиздер үчүн жаңы продукт - Ислам финансы борборунун төлөм картасы ишке кирди. Аталган продукт исламдагы бардык каржылоо системдерине ылайык келерине ишендиребиз жана банктын Шариат кеңеши менен жактырылган. Ислам финансы борборунун картасына ээ болгон кардарларга исламдагы банктык тейлөө принциптерине ылайык сатып алуу, которуу жана башка операцияларды жасоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Элкарт ИФБ картасына ээ болгондор:

- Товар жана кызматтарды карта аркылуу төлөө (Шариат боюнча ишмердүүлүгү тыюу салынган жерлерден башка);

- Банкоматтардан накталай акчаларды алуу;

- Алыстан же дистанциондук систем кызматтары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк банктык эсептерден башка эсептерге каражат которо алышат.

Элкарт ИФБ карталары жеңилдетилген тариф боюнча бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң чоң перифериялык түзмөктөргө ээ, 1000ден ашык түзмөктөрү бар Достук байланыштардын банкомат жана POS-терминалдарынан накталай акчаларды алууга болот. Ошондой эле ИФБ Элкартасынын карталары “БТА Банктын” банкомат жана POS-терминалдарынан да жеңилдетилген тариф боюнча накталай акчаларды алууга болот.

ИФБ картасындагы акча калдыктарына пайыздар кошулбайт. Картадагы акча калдыктары менен Исламдын Шариат принциптерине каршы келген бир да операция жасалбайт.

Элкарт ИФБ карталарына акча толуктоодо бир дагы пайыз алынбайт, “Бакай Банк” кассаларынан ИФБ карталарын толуктоо акысыз жүргүзүлөт.

Элкарт ИФБ төлөм картасында программалык түрдө төмөнкү жайлардан сатып алуулар бекитилген:

- Алкоголдук ичимдик, тамеки түрлөрүн саткан дүкөндөр;

- Көңүл ачуу жана оюн-зоок жайлары, букмекердик кеңселер;

- Адепсиз мазмундагы сайттар.

Картаны алуу боюнча толугураак маалыматты төмөнкү номерлерден алууга болот:

0(312) 61 00 61, 6111, WhatsApp 0(554) 00 61 11

Дареги: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 111а жана "Айчүрөк" борбордук дүкөнүнүн 4-кабатындагы С10 дареги.

Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 105.

Сайт: www.ifcenter.kg.
E-mail: office@ifcenter.kg.

Маалымат үчүн: Ислам каржы борбору - Кыргызстандагы жана КМШдагы ислам принциптеринде кызмат көрсөткөн алгачкы мекеме. Ал "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун алдында түзүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.09.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам деген созду колдонбой эле койбойсунарбы,же башка соз тападынарбы? Христиан же Буддизм деген карта уктунарбы мээн менен ким ойлосода.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: