Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынына Курсан Асанов чакырылды
Бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү.
Маалым болгондой, буга чейин кабыл алынган чечимдердин алкагында эки жумушчу топ түзүлүп, алардын курамы аныкталган. Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев кирген.
Окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.
Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушту.
Комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылды.


1 |