super.kg logo

Жалал-Абад-Казарман-Балыкчы унаа жолун изилдеп жүрүп дайынсыз жоголгон жаран табылды

 

8-августта ӨКМнын куткаруучулары Жалал-Абад-Казарман-Балыкчы унаа жолун изилдеп жүрүп дайынсыз жоголгон Нурлан Орозбековду табышты. Ал аман-эсен жана учурда бели ооруп баса албай жатканы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 5-август күнү Унаа жолдорду долбоорлоо институтунун Жусуп Мураталиев, Алтынбек Карагулов, Нурсултан Ормонов, Нурлан Орозбеков аттуу кызматкерлери аталган унаа жолдо изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Алар Көкөмерен дарыясы менен Нарын дарыясы кошулган жерге жеткенде Нурлан Орозбеков кесиптештеринен артта калып калган. Бирге жүргөн кызматкерлер аны издеп таба албай, Токтогул районунун администрациясына жоголгон адам тууралуу кабар беришкен. Учурда Нурлан Орозбеков табылган аймак жеткиликтүү болбой, мобилдик кызматтар чектелгендигине байланыштуу министрликтин басма сөз кызматы кошумча маалыматтар берилип турарын билдирди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: