super.kg logo

Жолдорду оңдоп-түзөө долбоорунан артып калган каражатка Москва көчөсүнүн 2 километр жолуна жумшалат

 

Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 14-сентябрда убактылуу жабылат. Аталган көчөнүн Манас кең көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлагандай, Москва көчөсүндөгү талкаланган бордюрлар алмаштырылып, жаңы асфальт төшөлөт. Мындан тышкары жолдун четиндеги унаа токтотуучу жерлердин саны көбөйтүлөт.

"Москва көчөсүнүн бул бөлүгүн оңдоо пландалган эмес. Бирок биринчи фазадагы долбоор бүткөндөн кийин каражат артып калды. Мындан улам муниципалитет каражатты Москва көчөсүнүн 2 километр жерин оңдоого жумшайт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Жолду оңдоп-түзөө иштери 30-октябрга чейин уланат. Буга чейин Москва көчөсү менен каттаган коомдук транспорт каражаттары убактылуу Киев көчөсү менен жүрөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан, меймандарынан жана айдоочулардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, альтернативдүү жолду тандоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.09.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо азаматтар. Коррупция менен катуу курошкондун натыйжасы. Мурун тескерисинче жетпей калып атса керек эле .
12.09.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашып калыптырда аа,Каннтип ашып калыптыр аа???иштегенин натыйжасы болуптур молодец...
12.09.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москва, Анкара.... дагы кандай кочолор бар, деги Пекин деген кочо жокпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: