super.kg logo

Жайылда 5 миллион сом жана баасы 12 миң долларды чапчыган алтын буюмдар уурдалган. Шектүүлөр кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда 5 миллион сом жана алтын зер буюмдарды уурдаган деген шек менен 2 жаран кармалды. Мындан тышкары бул кылмыш ишине катыштыгы бар делинген шектүүлөр аныкталды. Учурда сотко чейинки ачылган кылмыш иши улантылып жатканын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-апрелинде Жайыл РИИБине 60 жаштагы Бөксө-Жол айылынын Ш.Ш. аттуу тургуну кайрылган. Арыздануучу эртең менен саат 09:00дөн 18:00гө чейинки убакыт аралыгында анын үйүнө кирип темир сейфин уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Сейфтин ичинде 5 миллион 140 миң сом жана 12 миң долларды түзгөн алтын зер буюмдар, үйүнүн документтери болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында, 2 суткадан кийин темир сейф Аламүдүн району тараптан табылган. Иликтөө иштери улантылып, милиция кызматкерлери "Коопсуз шаар" долбоорунун жардамы менен шектүүлөрдүн айдап жүргөн унаасын аныкташкан. Тергөө амалдары улантылып шектүү катары Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы А.Ч. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалган. Экинчи шектүү Бостери айылынан сентябрда кармалды. Ал 34 жаштагы А.А. аттуу тургун экени аныкталганы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.09.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көк Жар менен Арча Бешикти тейлеген уурулардын да көбү сакалчан деп угам. Муфтият да өзүнчө иликтөө жүргүзбөсө болбой калды окшойт
12.09.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сакалына чалынып олсон экен,уурулук кылып жатып. сакалчан аалымдардын бетине коо жаап жатат ушундай мээси жоктор.
12.09.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазага тартылат тиги акча зер буйумдар эмне болгонун эч еле айтып бергиси келбейтко тергоочулар . Каракчыларды тутуп еле сураса керек буйум акчаларды кайда екенин .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: