Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо процесси башталды (видео)
Бүгүн, 12-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча биринчи соттук отурум башталды.
21-август күнү Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо чечимин кабыл алган. Кийин Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган болчу.
Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин алдыдагы соттук отурумдарга даярданып, соттун акталды деген чечимин угуу аракеттерин көрүп жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.