Текебаев менен Чотоновдун кайра каралып жаткан соттук ишинде процессти камерага тартууга уруксат берилген жок
Бүгүн, 12-августта Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши кайрадан каралып башталды. Анын жүрүшүндө жактоочу Таалайгүл Токтакунова соттук процессти чагылдырууга видео камераларды залга киргизүү өтүнүчүн билдирди. Текебаев да алардын катышуусундагы соттук отурумду катардагы иш эмес экенин айтып, жактоочуну колдоду. Өтүнүчкө карата мамлекеттик айыптоочу каршы болду.
Эки жакты уккан соң, судья соттук процессти чагылдырууда журналисттердин катышуусуна уруксат берип, ал эми камералардын тартуусуна уруксат берген жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.