Соттун "Күнөөнү моюнуңузга аласызбы?" деген суроосуна Текебаевдин жообу
Бүгүн, 12-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароодо мамлекеттик айыптоочу аларга мурда угузулган айыптарды кайра угузду. Андан кийин судья Текебаевге кайрылып "күнөөнү моюнуңузга аласызбы?" деп сурады.
Ага Текебаев: "Мен өзүмдү күнөөлүү эмесмин деп эсептейм. Бул мага атайылап жабылган жалган жалаа. Мени эмнеге айыптап жатышканына түшүнгөн жокмун. Айыпталуучу менин мамлекетке, бир ишканага же алдандым деген Маевскийге мынча зыян келтирди деп айта алган жок. Анда мен сиздин кылмышты моюнга аласызбы деген сурооңузга эмне деп жооп беришим керек. Мамлекеттик айыптоочунун айыптоолоруна макул эмесмин?", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
17

Комментарийлер(1)
mergenchi

13.09.2019. 10:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кайра камалдыбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.