super.kg logo

Суусамырда тоодогу мал-жандыктар кырылып калды (видео)

 

Суусамыр жайлоосунда кардын калың жааганынын кесепетинен жайыт пайдалануучулардын кой-уйлары тоодо калып, мал жандыктары жоголуп, арасында жандыктары өлгөндөр дагы бар.Тоодо жайыт пайдалануучуларынын мал-жандыктары өлүп, алар чоң чыгым болушкан. Бирок учурда канча мал-жандык өлүп, канчасы изделип жатканы тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган өрөөндүн айылдык кеңешинин төрагасы Нурдастан Кулматов билдирди.

"Учурда кой-уйлары менен жайыт пайдалануучулар тоо башынан түшө албай турушат. Ал жакта кой-уйлары түшпөй, жабыркагандар көп болду. Айрыкча “Арамза” жайлоосунда кар калың түшүп, Токтогулдун жайыт пайдалануучулары калып кеткен. Колубуздан келген жардамдарды берип жатабыз. Азыр эле адам барбаган бороонго камалып калган жарандар тууралуу маалымат келди.

Бирок өкмөттү деле карап олтура албайбыз. Бул табияттын мыйзамы. Бирок алар карапайым калктын жашоосу менен таанышса жакшы болот эле. ӨКМ жардам берип жатабыз дегени туура эмес. Кантип калп айтып жатышат, түшүнбөдүм. Болбосо кечээ, мурдагы күнү биздин чабандарды унаа менен көчүрүп келебиз дешкен. Бирок алар толук көчүрүлө элек", - деди ал.

Эскерте кетсек, 10-сентябрда аталган өрөөндө кар жааганынан улам 5000 гектар арпа кар алдында калып, дыйкандарды чыгымга учураткан.






Суусамырда сууктан улам койлор кырылып калды

Суусамырда чабандар тоодон түшө албай жатышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.09.2019. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай Таала "Мал дүйнөңөрдүн 40/1 ни зекет кылып колунда жокторго бергиле, ошондо малыңарды өзүм коргоп, сактап, береке кошуп берем" дейт экен, бирок биз ошонуда көп көрүп "Өзүм араң иштеп таап жатсам кантип бермек элем" деп бериштен коркушат. А бирок 40/1 ин эмес 40/20 сын алып жатканын түшүнүшпөй жатышат.
12.09.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эми жылда эле боло турган нерсе да, эртерээк даярданса болот да, окмот деп отура бербей
13.09.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ӨКМ эскерткен 9 чу 10 сентябрда ушук журот кар жаайт деп алдын ала эми бизди кочурбоду деп аларды куноологон туура эмеско деймин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: