super.kg logo

Депутат: "Футбол дарбазасы басып калган окуучунун ата-энеси аларга көңүл бурулбай жатканын айтты"

 

Депутат Эльвира Сурабалдиева футбол дарбазасы басып калган окуучунун ата-энеси ага кайрылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

"Депутаттын же бир чоңдун баласынын башына дарбаза түшүп кетсе реакция болмок. Карапайым адамдын баласына дарбаза түшүп кетип реакция кылынбай жатат. Эмне үчүн бул маселе боюнча эч ким унчукпай жатат?", - деди депутат.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев бул окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи. "Учурда кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. 10 күндүн ичинде иликтөөнүн негизинде ким күнөөлүү болсо жазасын тартат. Ал бала футболдук дарбазага асылып чыккан", - деди Түлөбаев.

Сурабалдиева: "Күнөөнү моюнга албайбыз деп жатасыз. Ал дарбазанын үстүнө сиз секирсеңиз да жыгылбай турган болушу керек. Сөзсүз чоңдордун балдары болбосо реакция болбойбу? Ата-энеси мага кайрылып, аларга эч ким көңүл бурбай жатканын айтууда. Ал мурунку билим берүү жана илим министрдин кабинетине кире албай койгонун айтты", - дейт.

Окуя 6-сентябрда Ак-Ордо конушунда орун алган. Анда дене тарбия сабагы учурунда окуучуга футбол дарбазасы кулап түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: