super.kg logo
  Саясат  

Шайлоого катышкан партиялардын БШКга арыз жазып, 3 күндүн аралыгында кайрылганга мүмкүнчүлүгү бар

 
Шайлоого катышкан партиялардын БШКга арыздар менен 3 күндүн аралыгында кайрылганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчисинин милдетин аркалап жаткан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат жыйынында билдирди. "Эртеңден баштап партиялар шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйындарын өткөрүшү мүмкүн. Эскерте кетсек, шайлоонун мыйзамына ылайык, партиялар добуштар менен макул болбосо же андан башка кайрылуулары бар болсо, БШКга 3 күндүн аралыгында кайрылууга мүмкүнчүлүктөрү бар",- деди Т.Сарпашев. Ошондой эле вице-премьер-министр утулуп калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын тынчтык жолу менен таанышарына ишеним билдирди. "Утулуп калган партиялар уткан партиялар менен биригип, программаларын ынтымак жолу менен ишке ашырышса, кийинки шайлоолорго да үлгү болот эле",- деп кошумчалады ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: