super.kg logo

Токон Мамытов: "Кой-Ташта жабыркадым деген адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө"

 

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу акыйкатчы Токон Мамытов Бишкектеги №1-тергөө абагында жаткан Фарид Ниязов жана дагы үч адам менен жолугуп, ал-абалын билип кайтты. Жолугушууда алар акыйкатчыга жашоо шарт боюнча арызданышкан эмес, бирок өздөрүнүн ак экенин айтышкан.

Бул тууралуу Мамытов SUPER.KG порталына айтып, түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Кой-Ташта жабыркадым деп кайрылган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мындан улам жабыркагандар боюнча комиссиялык топ түзүлүп, алар учурда окуяны иликтеп, жыйынтык чыгаруу иштери менен алек болушууда.

"Алгач алар менен жолукканда комиссиялык топ менен тааныштырдым. Анткени комиссиялык топ алардын Кой-Ташка байланыштуу арыз муңун угат. 7-8-августтагы окуяга эмне себеп болду, мурдагы президенттин штабына элдин топтолушу, Атамбаевдин суракка чакыртылып бирок барбагандыгы, ал жердеги элдин жабыркагандыгы айтылды. Ушул фактыларды дагы комиссия карайт.

Мындан тышкары, кармалгандардын айрымдары бизге тигиндей же мындай мамиле болуп жатат дешсе, кээ бирлери эмне үчүн Акыйкатчы институту көңүл бурбайт, куралым бар, баарын атып салам десе дагы силер унчукпай отургансыңар деген дагы күнөөлөр болду. Мына ошон үчүн комиссия түзүп, ушулардын баарын ийне жибине чейин иликтеп, сол жакка дагы, оң жакка дагы тартпай, болгонун болгондой коомчулукка айтып беребиз", - деди акыйкатчы.

Бирок комиссиялык топтун жыйынтыгы жакын арада чыкпайт. Анткени арыз айткан адамдардын саны арбып, жыйынтык чыгаруу уламдан-улам татаалдашууда. Бул тууралуу Мамытов төмөнкүлөргө токтолду.

"Биз ушул айдын аягында жыйынтык чыгат деп ойлодук эле. Бирок кайрылуулардын көп болгонуна байланыштуу жыйынтык чыгаруу татаалдашууда. Кой-Таштыктар менен жолугуп, ушуну менен бүтөбүз десек дагы уланып калып жатат. Тилекке каршы, бул жумуш октябрь айына чейин созулчудай", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
13.09.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жабыркабаса деле жабырккадым деп, корсотмо берип аткандыр да бир ай откондон кийин, башка жерде жабыркаса деле, 7-8 де Койташ окуясында жабыркадым деп, компенсация берилип калар деп
13.09.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ernestinio,туура айтасын Атамбаев берген акчалары түгөнгөн окшойт чамасы
13.09.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кой Ташка буканын этин жегендер барган. Аларды акча жалдап чакырганы бештен белгилуу. Мени тан калтырганы Атамбаевдин туулаган кунуно арналып отчу концерт болууда. Адам олтурдук деп майрамдашабы акмактар. Жок дегенде каза болгон спецназдын кыркылыгы откучо кысып тургула да.Эгер ошол К.Жолдубаева уюштурган концертке ырчылар барса алардын КР территориясында ырдоосуна тыю салуу керек. Маданият минстри каякты карап отурат.
13.09.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кой Ташка бекерпоздор буканын этин жеш үчүн барды эмне Атамбаевди колдоп барды дейсиңерби
13.09.2019. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы акыйкатчы болсон, Жапаровдон, Текебаев айткандай эл тааныбаган ак жеринен отурган карапайым адамдардан кабар албайсынбы
13.09.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Т.Мамытов эшектин тушоосун дагы чече албайт деп оо илгери М.Мырзакматов айткан эле.
13.09.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелочтор десе
13.09.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев жок эт тугонуп эми окмотко карай жол тарткан турбайбы кой таштыктар,дагы бир нерсе ондуруп калайын деп.
Мына Мамытов деген эптеп эле илешип журот,жон койсо жаны жылда деле териштирип атабыз деп журо берет.
13.09.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошол адамдар Атамбаевдин айынан ушундай даражага жетип олтурушат мыйзам чегинде жазаларын алышын талап кылам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: