super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Чек араны тактоо иштерин элден жашыруун жүргүзүү туурабы? Канат Исаев: "Элден жашыра турган нерсе жок"

 

Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылган. Мындан улам эки тараптын пикир келишпестиги орун алган. Адегенде Кыргыз бийлиги Араван районунда абал тынч деген маалыматты таратып жатты. Эки күндөн кийин гана өкмөт кеңири маалымат жарыялоого аргасыз болду. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргыз өлкөсүнө караштуу 400 гектар жер аянты дыйканчылыкка ыңгайлуу жана айылга жакын болгондуктан, Өзбекстандын Гүлбаар айылынын жанындагы жер тилкеси менен алмашылып жатканын, бирок документ иштери бүткөнү менен, практикалык иштер аягына чыга электигин айтып, түшүндүрмө берген. Мунун айынан коомчулукта чек арага байланыштуу тактоо иштери элге ачык айтылбай, жашыруун жүргүзүлөт деген талкуунун тегерегинде сын-пикирлер күч алды.

SUPER.KG порталы "Чек араны тактоо иштерин элден жашыруун жүргүзүү туурабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев элге тийиштүү нерсени бийлик катпай турганын айтты. "Элден жашыра турган эч нерсе жок. Мамлекеттүүлүктүн коопсуздугуна байланыштуу купуяда сырлар болуп калышы мүмкүн. Атайын мыйзамдар бар. Элге тийиштүү нерсени бийлик катпайт, жашырбайт. Бардыгы ачык болот", - дейт Канат Исаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: