super.kg logo

Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын суроолоруна жооп берди

 

Ушул жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту.

Бул жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова дагы чакырылган, бирок жеке себептерден улам катыша албай калган. "Жыйынга чакырылгандар 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: