Индияда үчүнчү аял алам деген жигитти эки аялы сабап салды (видео)
Индиянын Тамилнад штатында үчүнчү аял алам деген күйөөсүн эки аялы сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Динеш аттуу жигит 2016-жылы биринчи жолу үйлөнгөн. 3 жылдан кийин анын экинчи аялы бар экендиги билинген. Эки аялы бири-бирин билип калышкандан кийин, күйөөсү дагы бир аял алууга ниеттенип жатканын билип, аны ур-тепкиге алышкан. Бул учурду жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан.
Окуянын соңунда чогулган элди таратып, полиция 26 жаштагы Динешти камакка алды. Көп аял алууга Индияда тыюу салынган, Динеш эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Үчүнчү аял алам деген жигит эки аялынан токмок жеди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Эгерде мусулман болсо мынчалык кылганга уруксат берилбейт эле