super.kg logo

ӨКМ: "Калың жааган кардан улам өлкө боюнча 7 жылкы, 1 уй, 265 кой өлгөн"

 

Өлкөнүн тоолуу аймактарында 9-10-сентябрь күндөрү аба ырайы бузулуп, калың кар жааганына байланыштуу Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Чүй облустарынын тоолуу аймактарында, жайлоолордо чабандар мал-жандыктары менен калып калышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы республика боюнча 40 чабан, 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн.

Нарын облусунда жалпы 4 чабан 2100 кою, 13 бодо малы жана 60 жылкыcы менен түшүрүлгөн. Мындан сырткары, башка облустардагы мал-жандыктары менен тоодо калып калган чабандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.

"Чүй жана Жайыл районунун жайлоолорунан 11 чабан 150 жылкы, 400 бодо малы жана 4800 кой-эчки менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн. Нарын облусунун жайлоолорунан 4 чабан 2100 кой, 13 бодо мал жана 60 жылкысы менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 3 жылкы, 1 баш уй өлгөн. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо, Сузак жана Аксы районунун жайлоорунан 18 чабан 16 616 кой-эчки, 500 бодо мал, 55 жылкы түшүрүлгөн. Анын ичинен 65 кой өлгөн. Талас районунун жайлоолорунан 7 чабан болжол менен 2200 кой, 270 бодо мал, 34 жылкылары менен түшүрүлгөн. Жалпы республика боюнча 40 чабан, 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.09.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аалам илим техника прогресс өнүгүп жатканда,биз Кыргыз өкмөтү МЧС бир айылдакы көчөнүн сөзүн айтасыңар да.1 уй 7 жылкы койлор өлдү деп ааламга дүйнөгө жар салып.Кичине боло турган жөндүү жаңылык жазгылачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: