Чек ара кызматы: "Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасы жайгашкан аймакта абал туруктуу"
Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасы жайгашкан аймакта абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат таратты.
"Кечээ, 14-сентябрда саат 10:30да Лейлек районунун Максат айылында такталбаган чек ара аймагына тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, Кыргыз мамлекети курулуш ишин токтотууну талап кылган. Сүйлөшүүлөр дагы уланат.
Баткен районунун Жака-Өрүк айылында кечээ саат 16:00 чамасында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Пикир келишпестиктердин чыгуусуна жол бербөө үчүн чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:22
2025-10-01

21:51
2025-10-01

20:44
2025-10-01
Рейтинг:
0

Сенин жердешин анык эл душманы, саткын экенин далилдеп отурат...