super.kg logo

Жактоочу: "Сапар Исаковдун абалы жакшы эмес"

 

Абактагы экс-премьер Сапар Исаковдун абалы жакшы эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Ага кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз коюлган. "Бул оорудан сакайыш үчүн кыймылдабай жатыш керек. Соттук отурумду жылдыруу боюнча кайрылабыз. Жок дегенде, соттук отурум бир апта болбой турса туура болмок", - дейт Жоошев.

Окуянын чоо-жайы:

Былтыр, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
15.09.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жеп жатканда ойлонуш керек,азыр жесем кийин жоопко тартылып камалып кетпеймби деп.Аша атасы кайда жонотсо ошол жака барып кураторлук кылып жеп журуп Эми озу азабын тартып отурат,как будто АША омур бою бийликте кала тургансып.Музейди ондоп тузоодогу сатып алган нерселрине мактанып койгонуна куйуп кеткем да.
15.09.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Dembele84, Туура! Бийликте отуруп Жеп жатканда оорубайт, соттолгондоле ооруп калышат.
15.09.2019. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
artur999,Текедей болуппу?Ооруп атам деп коюп чыккандан кийин жыргап журот го.
15.09.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыймылдабай жата берсин, же аны бироо ишке салып жатабы?
15.09.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
bond02,Сенин ишинди кылып жатпайбы
15.09.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сапар Исаков бардык кылмыш иштеринин башынан чыккан ошого мыйзам алдында т ийишттүү жазаларын алып чыгышы керек.
15.09.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Калп эле олумуш болуп калат жооп берээрге келгенде эле! Ооруганга жол болсун! Жооп берсин ЖЭБ, Тарых музей ж.б. озу кураторлук кылган иштерине!
15.09.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ээ ушу коррупцияны гулдоткон чиновниктер куйгуздунорго, ошол жеген акча эми дененерге аш болбой жатабы? Канынардын айланышын бузуп жеп жатканда ойлонбойт беленер тешип чыкса кантем? деп жоок ойлобойсунар, сизого тушуп алып деле кыймылдагысы келбей жаткысы келет булардын, уятсыздар, силерди тороп тарбия берген атанарга наалат алып бердинер, азаматтар
15.09.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Калп эле ооруп. Калышат
15.09.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булар баары эле оорулуу болуп байкуш боло беришет.Нурлан Мотуев айттыго жакында, менчелик жоксунарбы деп.Мен оорубай этпей эле жакшынакай барып отуруп чыктым деп,булар болсо бироосу дагы соо эмес азыр.Акчаны жеп козунорду май басып жатканда оооубай эле семиришип керсейип окум суйлоп турушчу эле баардыгы.Эми жооп беришсин мулкторун конфискация кылып Кытайдын карызын толош керек.Булар жыргап жешсин семиришип кабат кабат уйлорду салып, анан эмнеге эл толош керек.Эгер толобосок жерибизди Кылай алып
15.09.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чала болуптур ооруса дагы оору
16.09.2019. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушинтип ооруп калганынарды токтотсонор жаш бала болбой эркекче жооп берда аркан таза болбогондон кийин.Жон эле камабай жегендерин кустургула эселеп карыздан кутулайлы
16.09.2019. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абалы жакшы эмес болгондо кандай? Ичи отупатабы грип тийдибекен..
16.09.2019. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Samatalibei,ха..ха...өллө кабатыр болуп алыпсын го ))))))
AykaMer түзөттү 2019-09-16 08:55:31
16.09.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар Исаков сизге ден-соолук. Тезирээк айыгып күнөөлөрүңүзгө жооп бериңиз.
16.09.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапар Исаков кайсы арына таза ал деген АТамбаевдин маалында далай коррупциялык иштердин башынан чыккан. ОШондуктан мыйзам алдында толук жооп бериши керек.
16.09.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде жаза тайып Исаков бошоп кала турган болсо мындан откон дени сак адам жок болуп калат. коп шылтоону айтпай жооп берсин
16.09.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапарды тарых музейиндгеи 14 мин долларлык аттар да коргоп кала албай жатат окшойт.Эми бул оорууга шылтап Москоодогу Мурасына жетуунун амалын кылып жаткан жокпу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: