"Сасып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салган айдоочу боюнча Шаардык транспорт башкармалыгы кеңешме өткөрөт
Буга чейин айдоочунун "сасып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп жибергендеги видеосу тараган болчу. Айдоочунун бул кылыгы үчүн чара көрүлөбү деген суроо менен SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгына кайрылды.
Башкармалыктын бөлүм башчысы Мукай Асанов видеону кечээ, 15-сентябрда көргөнүн, бүгүн буга байланыштуу чогулуш өткөрүүгө камданып жатышканын айтты.
"Бүгүн ал айдоочунун жоругу боюнча ички кеңешме өтөт. Анда айдоочунун кемчилиги боюнча кандай чечим кабыл алууну кеңешебиз, талкуулайбыз. Видеодогу айдоочунун бизде иштеп жатканына бир жылдай болуп калды. Анын бул кылганы туура эмес, антип транспорттон түшүрбөшү керек болчу. Устат айдоочулар дегендер болот, алар жумушка жаңы алынгандарга кандай кийинүү керек, жүрүш-турушу, жүргүнчүгө мамиле кандай болушу керектигин айтып, үйрөтүп турушат", - деди Асанов.
Айдоочу "жыттанып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салды





1 |