"Сасып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салган айдоочу жумуштан алынды
Буга чейин айдоочунун "Сасып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салгандагы видеосу тараган. Анда жазылгандай, окуя Бишкек шаарындагы №11-каттамдагы троллейбустардын биринде болгон.
Бүгүн, 16-сентябрда улгайган жүргүнчү аялды сасып жатасың деген жүйө менен троллейбустан түшүрүп салган айдоочу жумуштан алынганын Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мындай иш-аракетти жасаган айдоочу жумуштан берене менен алынган.
"Бүгүн бизде ички кеңешме өттү. Ага айдоочу өзү да катышты. Биз андан эмне себептен мындай жорукту жасаганын сурадык. Ал троллейбустагы жүргүнчүлөрдүн түшүрүп салуу талабы болгонун, ошондон улам ушундай кадамга барганын айтты. Жүргүнчүлөр суранган күндө да айдоочу мындай ишти жасабашы керек болчу. Ал кандай берене менен кетерин кадрдык бөлүм чечет. Айдоочу өзү өкүнүп жатканын айтып, кечирим сурады. Видеого тартып алышканы боюнча кабары жок экен", - деди башкармалыктын бөлүм башчысы Мукай Асанов.
Белгилүү болгондой, улгайган жүргүнчүнү троллейбустан түшүргөн айдоочу бул жумушта иштегенине бир жылга жакын убакыт болгон.
Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айдоочу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин (Иш берүүчүнүн демилгеси менен жумуш келишимин бузуу) 5-бөлүмү менен иштен кетти. Улук айдоочу сөгүш алып, депонун директоруна да чара көрүлдү.
"Чын дилден кечирим сурайбыз", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
Айдоочу "жыттанып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салды











1 |