super.kg logo

"Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу таанылган актриса Анастасия Заворотнюктун ичер суусу аз калды деп айтылууда

 

Акыркы кезде Орусиянын белгилүү актрисасы Анастасия Заворотнюктун ден соолугу тууралуу айың-кептер токтобой келет. Буга чейин атактуунун өкүлдөрү, жакындары үн катпай келсе, акыркы 1 айдан бери тастыкталган маалыматтар байма-бай жарыялана баштады. "Анастасия Заворотнюктун диагнозу мындан төрт жыл мурун көз жумган ырчы Жанна Фрискенин диагнозуна окшош, ал реанимацияга өтө оор абалда келип жатты. Европада өткөн дарылануу курсу эч кандай натыйжа берген жок" деп жазылат орусиялык маалымат булактарында. Актриса Анастасия Заворотнюк баш мээнин шишигине кабылганын экинчи кызы Миланы төрөгөндөн кийин билген. Ал бул оор илдет менен жарым жылдан бери күрөшүп келет.


Врачтардын айтуусу боюнча, атактуу айымдын оорусу, баш мээнин өтө чанда кезигүүчү шишиги акыркы стадияга жетип калган. Негизи эле бул илдеттен дарылануунун жолу жок экенин медиктер айтып беришкен. Актрисанын өкүлдөрү анын оор абалы тууралуу кабарды реанимацияга түшүп калгандан кийин гана ачыкташкан. Интернет желесинде бул коркунучтуу илдет актрисага кош бойлуу болуу үчүн өткөн процедуралардын (ЭКО) натыйжасында пайда болгон деген божомолдор айтылууда.

Актрисанын соңку абалы тууралуу акыркы маалыматты продюсер Андрей Разин билдирди. Анын айтымында, Заворотнюк жасалма комага түшүрүлгөн жана анын жакындары суук кабарга даяр болуп турушат. "Палатасына жолдошунан башка эч кимди киргизбей жатышат. Караган дарыгерлерге байланышсам, тилекке каршы, бир канча күндүк өмүрү калганын айтышты. Оору таанылгыс кылып койгон Жанна Фрискедей болуп, сырткы кебетеси да өтө өзгөрүп кеткен", - деп билдирген Андрей Разин.

"Моя прекрасная няня" сериалынан кадр.

Актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк 1971-жылдын 3-апрелинде Астрахань шаарында туулган. Анын атасы телережиссёр болсо, апасы театр актрисасы болгон. Ата-энесинин ишмердиги Анастасияга таасирин берип, театралдык окуу жайга тапшырат. Алгачкы телевизиондук ролун “Машенька” аттуу тасмада башкы каарманды ойноо менен баштайт. 3-курсунда окуп жүргөндө «Миф о Дон Жуане» спектаклинде ийгиликтүү роль жарата алган. Бирок чыныгы атактуулукту ага 2004-жылы чыга баштаган «Моя прекрасная няня» сериалы алып келген.

Жеке жашоосунда үч жолу турмушка чыккан. Ишкер Олаф Шварцкопф менен бир жыл жашап ажырашып кетсе, кийинки жолдошу ишкер Дмитрий Стрюковго турмушка чыгып, эки балалуу болушкан. Ал ортодо «Моя прекрасная няня» сериалындагы баш каарман Сергей Жигунов менен сүйүү мамилесинде болгон. Үчүнчү жолу актриса фигурист Пётр Чернышёвго турмушка чыгат. Алар көп жылдар бою балалуу болбой, акыры атайын медициналык процедуралардан кийин Анастасия кош бойлуу болот. 2018-жылдын октябрь айында Мила атту кыздуу болушкан.

Анастасия Заворотнюк менен жолдошу Пётр Чернышёв.
2019-жылдын август айында актрисанын күйөрмандары Анастасия Заворотнюктун көрүнбөй калганын айтып, коңгуроо кага башташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.09.2019. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сулуулугуна суктанчумун. Ото коркунучтуу ооруга жолугуптур байкуш!
16.09.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуулгунда соз жок.
16.09.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да суктанат элем.Аябай эле сулуу
16.09.2019. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетсин красавица.
16.09.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда Акча коп чет олкого корсотбойбу деймда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: