super.kg logo

"Атасына баруудан баш тартты". Короодо ойноп жатып, дайынсыз болгон 13 жаштагы бала Бишкектен апасын издеп жүргөн жеринен табылды

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда үйүнүн алдында ойноп жатып, дайынсыз болгон 13 жаштагы Адилет Наказбеков табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү ал Бишкек шаарына апасын издөө үчүн келип адашып кеткен.

"Көчөдө жүргөн жеринен чоочун балдар Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө алып барышкан. Бала кайра Ат-Башыдагы атасына баруудан баш тарткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарындагы жашы жете элек балдардын "Айданек" муниципалдык борборуна өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда ал аталган борбордо багылууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

3-сентябрь күнү Ат-Башы РИИБине 20 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылып, 29-август күнү Адилет Наказбеков аттуу иниси үйдүн алдында ойноп жатып, ошол бойдон ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.09.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман Эсен табылыптыр!!!
16.09.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атасыз жетим арсыз жетим деген туура да, эне карагандай ата карамак беле баласын.
16.09.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эне мээримине зар болгон тура. Энеси бар тируу болду бекен десен.
16.09.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасына наалат!
17.09.2019. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir chyraktai bala eken baikush.apasy kantip jurogu chydap jurot
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: