super.kg logo

Латын арибине өтүү керекпи же кириллицада калуу керекпи? Жээнбеков башкы тилчиге өз пикирин айтты

 

"Бүгүнкү күндө латын арибине өтүүнүн кажети жок". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алып жатып билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргени боюнча жолугушуу бүгүн, 16-сентябрь күнү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи.

Андан ары ал акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын арибине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын арибине өтүүнүн кажети жок экенин айтты. "Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек", - деди Жээнбеков.

Өткөн аптада Каныбек Исаковдун билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги Жогорку Кеңешке каралып жаткан учурда ал латын арибине өтүүнү колдой турганын билдирген эле. Анын мындай билдирүүсү коомчулуктун талкуусуна жем таштаган. SUPER.KG порталы буга байланыштуу "Латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте кандай артыкчылыктарды берет?" деген собол да салган. Ал эми шаар тургундарынын катышуусунда жүргүзүлгөн сурамжылоону бул шилтемеден көрө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
16.09.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Отуу керек. кириллицаны пайдаланган олколор аз. Жаштардын келечеги учун. Коом бат эле конуп кетмек.
16.09.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
souza.j,Карыздар толуп ещё андан чон проблемалар толуп жатканда андайга отушту Ким коюптур?
16.09.2019. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура андан башка иштер толтура. Кытай корейлер өз арибинде эле жазып жатышпайбы латынга өтөлү дебей. Өлкөнү эле өнүктүрүп алдыңкы мамлекеттин катарына кирсе башка элдер керек болсо кирилицаны үйрөнүшөт, азыркы кытай иероглифин үйрөнгөндөй.
16.09.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Латынга откону каршымын. Озбекстан азыркы убакытка чн окуудан кыйналып келет деп окугам. Демек бизде да коп кыйынчылыктарды жаратат
16.09.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чек араны чеч
16.09.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чек арага отуу керек! Коруу керек чечуу керек! Башкасын кереги жок азыр!
16.09.2019. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Президентибиз туура айтат.анан да ага канча акча кетет.китепти эле элестеткиле озгортуу учун.кирилица менен турган китепти туура эмес жазып жатат.анан элестетуу кыйын латын арибине отуп жатканыбызды
16.09.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чек араны чечкиле,кытайдан карызды кутулгула жана башка чон чон проблемаларды чечкиле элдин конулун башкага бурбай.Кытайдан кутулбасак латын эмес кытай тамгасына отуп калбайлы.
16.09.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Латынга отсок эле жыргайбыз дегендер тоок мээ экенсинер
16.09.2019. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок эле нерсени, тушунуп тушунбой эле саясатка айлантканды адат кылып алдык.Ал киши министрликке талапкер кезинде оз оюн жаран катары гвна айтты.Эгер мамлеккттин даремети жетсе ойлонуп корсо болот деди.Кээ бир кучтор бар ушул дерден саясат жасап КР менен РФнын ортосуна от жаккысы келет.Саясатка айлантпайлы, отсок эле жыргап кетет дегенге эч кепилдик жок.
16.09.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул теманы которгон депутаттарды атыш керек,ага канча миллиондогон акча кетишин ойлоду бекен ал пок курсактар?Чек арада талаш тартыш тополон болуп атса,латын алфавити и Рыспаев деген бироосу бизди баран деди деген теманы которуп журот.Проблеманы чеч эшектер!!!
16.09.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыларга иши жок бир кок мээ ойлоп тапты да. Озунчо реформа жургуздум деп мактанат да тормоз.
17.09.2019. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Латын арибин коюп, чек араны чечишпейби. Ок атышу болуп атса, жомок айтып отурушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: