super.kg logo

"Тажик тараптын курулуш ишин токтотуу мамлекеттик деңгээлде гана чечилет" дейт бүгүнкү абалды айткан Лейлек районунун акими

 

"Лейлек районунун Максат айылында кыргыз тарап жүргүзүп жаткан курулуш иштерине тажик тараптан тоскоолдуктар болуп жатат". Мындай маалыматты Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов SUPER.KG порталына бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

"Тажик тарап курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Биздин дагы тургундар альтернативдүү курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан. Мамлекеттик программага кирген жолдорубузга асфальт төшөлүүдө. Тажик тараптын курулуш ишин токтотуу мамлекеттик деңгээлде гана чечилет. Эгер биз аларга жараша кадамдарга барсак, абал күчөп кетиши мүмкүн. Учурда күч органдары менен турабыз. Бардык тиешелүү органдар биздин жаныбызда", - деди аким.

Ал белгилегендей, тажик тарап Баткен районунун Жака-Өрүк жергесиндеги такталбаган Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган жерде иш жүргүзүүнү улантууда.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп, курулуш иштерин баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.09.2019. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Патриот аким ушундай болот. Көйгөйдү жеринен чечүүгө жана элди ынтымакка чакырып турат. Эми чоңдор маселени чечиши калды.
16.09.2019. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстан менен болгон чек араны кылдат карап, өкмөттүк коммиссия тынымсыз жолугушууларды өткөрүп турушу керек. Болбосо ырбагандан ырбап чек ара тактоосуз кала берет.
16.09.2019. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суротту эмне квадракоптер менен тартткансынарбы?
16.09.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тажиктер бизге фащисттердей эле болду го,кытайларга алдырган жерин бизден чыгарып алайын деп жатабы,бетпак калк экен.
16.09.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик нени чечип атат озу,колунан эч нерсе келбей жатат
16.09.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күйдүрдү го ушул бийлик!
16.09.2019. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамилекеттин чон курсактары уктап жатса мамилекеттин денгеелиде Ким чечет айткылачы? Же Тажиктердин курулушу буткондо озу чечилип калабы? Ошону кутуп отурасынарбы?
16.09.2019. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койдон жоош кыргыз элимдин жерин,чекеден таламайга оттубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: