super.kg logo

КСДП Атамбаевге: "Буга чейин башкалардын алдында бүжүрөп бүгүлүп, көзүн карап келген Кыргыз мамлекети сиздин тушуңузда башын бийик көтөрдү"

 

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Ал бүгүн 63 жашка чыкты. 8-августтан бери УКМКнын абагында кармалууда.

"Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Акыркы убакта сиздин ысымыңызга канчалык ыпылас, ойго келбеген калп менен жалааны жаап жатышканына карабай, партиялаштарыңыз, баарыбыз үчүн чыгаан инсан жана саясатчы катары үлгү болуп кала бересиз. Сиздин "Намыс өмүрдөн кымбат" деп айткан сөзүңүз биз үчүн дайыма эч кандай кыйынчылыктарга тизе бүктүрбөгөн, акыйкат менен чындыкка умтулткан жана баарыбызды чыйралткан моралдык багыт болуп калууда.

Сиз эгемен Кыргыз мамлекетин ишенимдүү өнүгүү жолуна алып чыгуу үчүн опол тоодой эмгек жасадыңыз жана аны менен өлкөнүн бүгүнкү жетишкен ийгиликтеринин жана жеңиштеринин бекем пайдубалын түптөдүңүз. Улуттук масштабдагы тагдыр чечер ири долбоорлордун баары сиздин тушуңузда ишке ашты жана алар бүгүн кыргыз элинин жыргалчылыгына үзүрлүү кызмат кылууда. Буга чейин башкалардын алдында бүжүрөп бүгүлүп, көзүн карап келген Кыргыз мамлекети сиздин тушуңузда башын бийик көтөрдү. Сиздин каатчылыктын сазына батып, жок болуп кеткени турган өлкөнү тикелеп, алдыга жылдыруудагы жан сабап иштеген ак эмгегиңиз, кошкон эбегейсиз салымыңыз калың эл тарабынан татыктуу бааланар күн сөзсүз келерине, мезгил, тарых баарын таразалап ордуна коёруна ишенип коюңуз.

Сиз жалгыз эмессиз, Кыргыз мамлекетинде сиздин мурасыңызды тебелеп салууга жол бербей турган адамдар бар экенин билип коюңуз. Билебиз, алдыда сизди татаал сыноолор күтүп турат. Бирок мындайдын неченин көрүп, алардын баарынан татыктуу өтүп келгенсиз, ошондуктан бул жолу да моюн сунбай, акыйкатты калыбына келтирүүгө күч-кайратыңыз менен эгерим сынбаган бекем эркиңиз толук жетерине ишенебиз жана мындан түк күмөн санабайбыз.

Бул оор күндөрдү жеңип чыгууда сизге сабырдуулук жана ден соолук каалайбыз. Өзүңүздүн "Тагдырга моюн сунбайм" деген ырыңызда айткандай, бекем болуңуз, кымбаттуу Алмазбек Шаршенович. Биз чогуу күрөшөбүз", - деп жазылат кутуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
17.09.2019. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кун менее куттуктай турган абал эмес азыр!
17.09.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы, адамды уялтпай))))
17.09.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ашанын иштегенин сезген да жокмун лично
17.09.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мобу тарапташтарында бет барбы?Акаев, Бакиев кеткенден кийин эл тынч эле жашап калды эле.Булар тынчыбай койду го.Кайсы жерде башынарды которуп журдунор?Балп этип суйлоп,президент кантип ушундай создорду суйлосун-деп башыбызды кайра жерге киргизди го.
17.09.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чычкактар сдпканы кырып салыш керк экен
18.09.2019. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии ооба аябай башыбызды көтөрүп жүрүп калбадыкпы алкаштын уурунун убагында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: