Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркагандардын арасында жетөө аскер кызматкерлери
Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында абал курчуп, ок атышууга жетти. Андан 13 адам жабыркаганын, айрымдарынын абалы оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдалган.
Жабыркагандардын арасында жетөө аскер кызматкерлери экендигин Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы айтты. Анын алтоосу чек арачылар, дагы бири куралдуу күчтөрдүн башка структурасынан.
"Жабыркаган аскер кызматкерлердин алтоо октон жаракат алган. Дагы бир жоокер снаряд жарылганда учкундары, таш тийип "контузия" деген диагноз коюлду. Дагы кошумча маалыматтар берилет", - дешти маалымат кызматынан.
Чек арадагы ок атышуудан кечээ, 16-сентябрда бир чек арачыга ок тийип, каза болгон. Ал атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов. Маркум 41 жашта болчу, чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан. Анын артында аялы, 3 баласы калды.
Жабыркаган аскер кызматкерлеринин тизмеси:
Т. у Г., 1998-жылы туулган аскер кызматкери. Денесине үч ок тийген;
С.Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери, октон жабыркаган;
Т.М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Далысына ок тийип жабыркаган, абалы оор, туруктуу;
К.К., 1992-жылы туулган, аскер кызматкери, абалы оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө;
А. У., 1995-жылы туулган, аскер кызматкери, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Октон жаракат алган;
Т. у. Э., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Октон жаракат алган, абалы оор.


Бүгүн, Баткенде чек-арада кайрадан жаңжал чыгып, эки тарап ок чыгарышты. Кыйлага созулган атышууда кыргыз жоокери курман болду. Мындай абал албетте өкүнүчтүү жана эки мамлекет ортосундагы чекит коюлбай келе жаткан татаал маселе. Бул көйгөй бүгүн эле чыга калган жок, союз тарагандан берки талаш. Чек-араны тактоодо эки мамлекет тең бирдей ынанып калчудай шарт жок. Анан калса, убагында Адахан Мад
Отуп кеткен жоокерибиз шейит даражасын алып бейиштик болсун Оомиинь...