super.kg logo
  Саясат  

"Жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек". Президент Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

 
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара аймагында чыр-чатак башталгандан тартып, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи. Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти.

Кеңешмеде ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону, мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги тууралуу сөз болгон. Ошондой эле жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алынып келе турганы айтылып, өлкө башчысы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: