super.kg logo
  Саясат  

Депутат коомдогу көйгөйлөрдү акыйкатчыдан укпай, журналисттерден угуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында акыйкатчынын 2018-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралып жатат.

Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов коомдогу көйгөйлөрдү акыйкатчыдан укпай, журналисттерден угуп жатышканын айтты. Токон Болотбекович (ред. акыйкатчы Токон Мамытов), сизди парламентте акыйкатчы кызматына дайындап жатканда, сыртта жүргөн мигранттардын укугун коргоп, Орусияда, Казакстанда, Кытайда түрмөдө отурган адамдарды биздин келишимдер аркылуу Кыргыз мамлекетине алып келем деп убада бергенсиз. Бүгүн сиз берген отчёттогу фактылар боюнча динамика өзгөргөн жок. Адам укугу бузулган балдар үйүндөгү, карылар үйүндөгү, аялдар, жаштар отурган түрмөлөрдөгү көйгөйлөр отчётто камтылган эмес. Сиздин таяна турган күчүңүз парламент жана коомчулук. Биз көйгөйлөрдү сизден угушубуз керек эле. Журналисттерден угуп жатабыз. Коомчулукка чыксаңыз. Докладда 60-100 кишинин маалыматын отчёт кылып алып келдиңиз. Кайсы жерде кандай көйгөй бар экенин айтышыңыз шарт. Сиздин жумуш коңгуроону кагып турмай болуп саналат”, - дейт Шыкмаматов.

Токон Мамытов ал кызматка келгенге чейин отчётто ушул маалыматтар камтылып калганын айтты. Кийинкиде жогоруда айтылган сунуштар боюнча фактыларды отчётко киргизе турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: