super.kg logo

"Чек ара маселесин чечүүдө коңшулар менен Кыргыздын атынан тең ата болуп сүйлөшөйүн". Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылуу жолдоду

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда минтип жазылат:

"Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусундагы чек арабызда кайра-кайра болуп жаткан атышуулар, жаңжалдар боюнча «ЭрК» партиясынын атынан Кыргыз Жумуриятынын президенти Сооронбай Жээнбеков мырзага кайрылам.

Коопсуздук жана чек ара маселеси өлкөнүн түштүк аймагында курч болуп жатат. Жылуу жерде жатып алып, ордунан козголгусу келбей жаткандарга айта турган сөзүм: Баткен, Лейлек, Ош менен Жалал-Абад да жалпы мекенибиз. Аларсыз Кыргызстан деген мамлекет жок! 20 жыл мурда "Өзбекстандын ислам кыймылы" уюмунун моджахеддери Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагына кол салганда «сакалчандар келип жатат!» деп алыскы Нарын менен Таластын да тургундарынын жүрөгү түшкөн. Ал эми бүгүн болсо, Лейлекте атышуу болуп жатат деп мамлекеттин ал аймагына кайдыгер кароо, кош көңүлдө болуу - кечирилгис чыккынчылык!

1999-жылы мамлекетибиздин биримдиги, бүтүндүгү, элибиздин коопсуздугу, тынч жашоосу үчүн деп өлкөбүздүн эң артта калган аймагын Баткен облусу деп түзүшкөн.

Бүгүн ар бири өз колотун эмес, жалпы мекенин ойлонуусу абзел! Бара-бара түштүк аймагын алдырып жиберсек, өлкөбүздү алдырып жибергенге барабар болуп калат. Мамлекетибиздин түндүк аймагында көп эле жерлерибизди коңшу өлкөлөргө алдырып жибергенбиз. Эми жер таратуу жарманкени жаппайлыбы?! Анан мамлекети жок элдер сыяктуу бечара болуп жүрүүдөн Аллахым өзү элибизди сактасын!

Урматтуу ажо, туптуура 20 жыл мурда ажобуздун берген ыйгарым укуктарынын негизинде Ооганстан менен Тажикстанга чейин барып сүйлөшүүлөрдүн негизинде Баткен согушунун токтотулушуна, "Өзбекстандын ислам кыймылынын" моджахеддеринин Кыргыз жергесинен чыгып кетүүсүнө, туткундагы генералыбыз баш болгон жоокерлерибиздин жана Япониянын жарандарынын аман-эсен бошоп келүүсүнө Аллахымдын буйругу менен себепкер болгонмун.

Азыр деле ошондой ыйгарым укуктарды сизден сураймын, урматтуу Шарип уулу Сооронбай! Кыргыз өлкөсүнүн атынан коңшулар менен чек ара маселесин жана чек арада жашап жаткан элдин тынч жашоосун чечүүдө тең ата болуп сүйлөшөйүн. Мекенди сүйүү ыймандан. Аллахымдын буйругу жана сиздин чечимиңиз менен мекенчилдигимди иш жүзүндө далилдөөгө даярдыгымды билдиремин".

«ЭрК» партиясынын лидери, Кыргыз мамлекетинин атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи Турсунбай Бакир уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(14)
17.09.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Сен жон эле койчу шут гороховый, раньше суйлошпой бок жеп жаттын беле
17.09.2019. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,Тукеники жөн эле пиар, шайлоо болот жакында. Ушул күнгө чейин унчукпай жатып эми ойгондубу?
17.09.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ой сиз катындарды эле эптеп ала бериң!!!!
17.09.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Кыйратат ушул, ушул эле калды эле сүйлөшпөгөн!
17.09.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кокмээлер колунар б.к келбесе жазбай эле койгулачы, 94 - жылдары пленге тушкондорду суйлошуу жолу мн чыгарган.Бул киши Кыргызстандын жараны барып суйлошсун, алыста отуруп алып жаза бербегиле
meni_kut түзөттү 2019-09-17 13:18:07
17.09.2019. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
meni_kut,сеникинен бок келип атыптырбы ким не жазат озу ойунду жазып отуп кет былжырабай коп, же турсунбай коп айалдарынын бирисинби
17.09.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тен ата болуп суйлошуп келейин-десе коп окурмандарга жакпай калган го.Жогору тараптан эч ким козголбосо,жата берели анда чек араны ачып коюп..
17.09.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чырдан саясий упай топтогондор, пиар жасагысы келген Турсунбай Бакир уулу аман эле болсун!
17.09.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен ал жакка барсан тажичкалардан гарем курап аласын.
17.09.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турсунбай Бакир уулун ким тосуп турат. Барса барып маселени чече берсин десең аны ким угат.
17.09.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Убара болбочу.Баары бир кресло жок сага)))
17.09.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйлошойун.антейин,минтейин дебей эле бара бербейби
17.09.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дурайндар жаш баланы дагы согунтосунорда. Саясий упай топтосо дагы топтобосо дагы ушундай мекенчилдер суйлоп турган учун чек ара сакталып туратго ее агалар. Карышкыр уулуса чоолор каншылайт болбой колдоп койбойсунарбы. К.т екенсинерго
18.09.2019. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekov01, мен да ушул ойду жазайын деп аткам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: