Баткенде жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттары каза болгон жоокердин үйүнө барып, көңүл айтышат
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал менен таанышып, элдин үнүн угуу үчүн Баткенге учуп кетишкен. Алар учурда эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышканын Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.
"Жаңы эле Баткен районунун Орто-Боз айылындагы эл менен жолуктук. Ал жердеги Төрт-Көчө участогунда дагы курулуш иштери башталган экен. Жергиликтүү тургундар менен кезигип, алардын максат-тилектерин уктук.
Учурда Лейлек районуна бара жатабыз. Ал жакка барганда тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Жолдон жабыркап, ооруканага жеткирилген жарандарга кезигип, абалын сурайбыз. Ал жактан чыккандан кийин, каза болгон Равшан Муминовдун үйүнө барып, көңүл айтабыз", - деди Тиллаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Azatbek.Svoboda.

17.09.2019. 15:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Анан курсакты тойгузуп Бишкекке коздой жолго чыгабыз.Кайра эле акча тапчу креслобузга отуруп спектальди баштайбыз деп койбоптур!
Sicilya

17.09.2019. 15:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azatbek.Svoboda.,:))жардын
muras111211

17.09.2019. 15:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеси болсо да чечкиндүү иш кылып келгиле.каза болгон Р.Муминовдун жайы Жаннатта болсун,ата эне бир тууган жакындарына сабыр.ооруканадагыларга шыпаа сакайып кетишсин.
Mamiev

17.09.2019. 16:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колуңардан к...к да келбейт барып кабар алып кайра чалкалап машинанар менен келе бересиңер кыйраткансып. Каяктагы кой деди анан тигинтти дебей парламентте олтурган да ушундай такталбаган жерлерди чечели чек арага чекит койолу деп козгобойсунар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.