"Так талашуу оюну" сериалы "Эмми" сыйлыгынын 10 наамын жеңип алды

Маалыматка ылайык, 8 сезон менен аягына чыккан сериал мындан сырткары, эң мыкты актёрлор, эң мыкты визуалдык эффектер жана мыкты костюмдар сыйлыгына ээ болгон.
Мындан сырткары, "Фри-Соло" даректүү тасмасы ат салышкан 7 сыйлыкты тең жеңип алган. Ал эми "Эмми" сыйлыгынын эң улгайган ээси деп 97 жаштагы продюсер Норман Ли табылган. Сыйлык АВС телеканалындагы көңүл ачуучу телекөрсөтүүсү үчүн берилген.
"Так талашуу оюну" сериалынын акыркы сезону "Эмми" сыйлыгында 32 наамга көрсөтүлүп, рекорд койду. Буга чейин 1994-жылы "Нью-Йорк полициясы" сериалы 27 наамга көрсөтүлүп, рекорд койгон.
Сериалдын биринчи бөлүгү 2011-жылдын 17-апрелинде көрсөтүлө баштаган. Бул аралыкта сериалдын 7 бөлүгү тартылып, 38 жолу "Эмми" сыйлыгын алган. Жалпы 8 сезонду кошкондо сериал 161 наамга көрсөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.