super.kg logo

УКМК: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды курчутуп, баш аламандык уюштурууга аракет кылгандарга эскертүү берилет"

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуялар боюнча УКМК эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген, улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Максат чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык баш аламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Буга байланыштуу коомдогу чыңалууга алып келе турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
17.09.2019. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондо тажиктерге эскертүү бердиңерби? Ошолор баштап жататко бардык проблеманы, анан биздикилер аргасыздан каршы чыгып жатышат, силерге окшогон коркок укук коргоочулардын күчү жетпегенинен. Силер ахмактардын күчү кыргыздарга эле жетет. Кечеда бул проблеманы көтөргөн жергиликтүү депутаттарды мвд ары жок 9 саат суракка тартыптыр, күйгүзөсүңөрда коркок коён жүрөк бийлик!!!!!!
17.09.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баткендиктерге баатыр наамын бериш керек
17.09.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз эли жери үчүн куйгондорго эскертүү берилет деп эле айтсаңар
17.09.2019. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашоо ушундай. Не дейбиз айта берип тил тешле турган болду. Ош коогаланында каза болгондор жана катышкандардын баатыр деп эч ким айтпайт. Баткен жеринде ай сайын жума сайын уруш канча адам жаракат алып кээ бири өлүп жатат баатыр деп айтпайт. Анан эле апрелчилер баатыр жыл сайын укмуш эскеришет. Козунор эмнени көрөт өзү силердин.Эл көзүнө кооз суйлогондон анан эл көзүнө Кабар алып койгондон бөлөк эч нерсе келбейт колуңардан.
18.09.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМК жөнөкөй жаткан Кыргыз жарандарына эле кыйынсыңар.Чек арага барып Тажик жарандарына аскерлерине да эскертүү берип койсоңор.Силер деле чек араны корушуп карашып койсоңор,бул маселе
да өлкөгө коркунуч жаратууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: