super.kg logo

Баткендин жаштары өкмөт өкүлдөрүнүн жоопторуна канааттанышкан жок (видео)

 

Бүгүн, 17-сентябрда Биринчи Май райондук акимиатынын имаратында Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча жыйын өттү. Жыйынга Баткен, Талас, Ош жана башка облустардан келген 60-70тей жарандар катышышты. Аталган жыйынга өкмөттүн аппаратынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана уюштуруу-инспектордук иши боюнча бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Чыңгыз Мамат уулу, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов, өкмөт аппаратынын укук коргоо бөлүмүнүн өкүлү Адилет Жанузаков катышты.

Бирок чогулган эл өкмөт өкүлдөрүнүн айткан жоопторуна канааттанган жок. Жыйында өкмөт өкүлдөрү менен жарандардын ортосунда пикир келишпестик дагы орун алды. Бул боюнча Лейлек районунун Тынчтык айылынын тургуну Жусуп Бердиев төмөнкүлөргө токтолду.

"Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды оперативдүү чечүү үчүн топтолгонбуз. Бирок өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким даяр эмес келгенине байланыштуу, бир дагы сурообузга жооп бере алышкан жок. Мен айылдаштардын аманат сөзүн жеткирейин деп өкмөт өкүлдөрүнө суроо бердим эле. Айылдаштарым "28 жылдан бери Баткен облусунун эли өкмөттөн эч нерсе талап кылбайт, чек араны чечип беришсин, четке кагышпасын" дешкен. Бүгүн жыйынтык болбогондон кийин, өкмөт башчы менен жолугууга тизме түзүлүп жатат", - деди Бердиев.

Ал эми Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков аталган жыйын боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

"Чек ара маселесине күйгөн адамдардын бардыгы өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң конструктивдүү сүйлөшүү болду. Баткен облусунда тез аранын ичинде трансформациядан өтө элек жерлер трансформацияланып, жергиликтүү элге берилип, ошол жерге жайгаштырылышы боюнча, Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүү маселеси, делимитация-демаркация комиссиясынын ачык иштөө маселеси, мамлекеттик комиссия түзүү, анын курамына Мамат Айбалаевди, журналисттерди, активисттерди киргизүү тууралуу сунуштар айтылды", - деди Аскарбеков.

Ал эми жыйын жарандардын купулуна толбой калганы тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтты.

"Чынында "жыйынга суроого так жооп бере турган адистер келген жок" деп нааразычылыктарын айткан жарандар болду. Мындан улам эртең, 18-сентябрда жооптуу адамдар менен жолугушуу максатында, ушул жыйындын жыйынтыгы менен он адамдын тизмеси түзүлүп, жолугууга камданып жатышат", - деди ал.






Баткендин жаштары өкмөт өкүлдөрүнүн жоопторуна канааттанышкан жок

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.09.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Военный база орнотуп коруш керек
17.09.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канттагы авиабазаны орнотобуз деп эптеп эле алдап жооп берип кутулуш керек окшойт силерге? Орнотобу орнотпойбу аны Орустар чечет силер эмес .
17.09.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодцы
17.09.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 авия база орнотсоңор деле пайдасы жок, себеби алар биздин чек ара маселесине кийлигише алышпайт.
17.09.2019. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баткендиктер чыныгы баатыр эл экен. Мен ал жака барып коргон эмесмин. Бирок козум жетти кыйын эл экенине. Кыргыздар биригишибиз керек. Чек ара бир эле Баткен элине керек эмес деп ойлойм
17.09.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен түшүнбөдүм, мамлекеттик чек араны акимдин орун басары чечип калганбы.?
Бул жерде эч бир жыйынтык болбойт. Чечүү үчүн ошол чек арага барып өз көзүбүз менен көргөн жакшыдыр. Ошол жерде жашаган эл билет,кайсы жер бизге тийешуу экенин.
17.09.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаштар азыр баары вспыльчивые! Бироонун созун оной эле суйлоп кетишет. Ушул жаштар бийлик менен иштешип, тынчтык орношуна оз салымдарын кошушса жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: