super.kg logo

Депутат: "Убагында чек арада абал тынч деп маалыматты берген тийиштүү кызматтын өкүлдөрү жоопко тартылсын"

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяны талкууга алышты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутат Карамат Орозова жер саясатын жүргүзгөн органдардын көп экендигин айтып, аларды бириктирип бир күчтүү орган кылып түзүүнү сунуштады.

"Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяда Жогорку Кеңештин депутаттарына караганда жергиликтүү кеңештин депутаттары ыкчам ишти алып барышты. Чек арада азыркы окуя башталганга чейин эле президентке, өкмөткө киребиз деп келишкен. Кирүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, маалымат каражаттары аркылуу маалыматты берүүгө аргасыз болушту. Алар маалымат берип баштаганда, ал депутаттарды Ички иштер министрлигинин кызматкерлери суракка чакырышты. Качанкыга чейин чындыкты айткан жарандарыбызды суракка чакыра беришет? Эмне себептен бул көрүнүштү жокко чыгара албайбыз? Аларды суракка чакыргандын ордуна, убагында кабыл алып, маалыматты угуп коюшканда бүгүнкүдөй абал болбойт эле. Жогорку Кеңеште чек ара маселеси каралып,токтомдор кабыл алынууда. Чек ара маселесин чечүүгө эмне себептен акча каражатын таба албайбыз. Биздин өкмөт тарабынан эмне себептен тапшырмалар, токтомдор аткарылбайт. Убагында чек арада абал тынч деп маалыматты берген тийиштүү кызматтын кызматкерлери жоопко тартылсын. Атайылап бийликтин көңүлүн башкага буруп жатышат. Аталган кызматкерлердин жоопко тартылышын талап кылам", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.09.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туп тураа айтты !Бирок буну бийликтегилердин кулагына кирет бекен?
18.09.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул Орозова Кой Ташта Атамбаевдин ырын ырдагыча чек арадагы көйгөйдү жооптуу кызматтарга жеткирбейби кыйын экен
18.09.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карамат Орозова Баткендин кызы убагында Атамбаев маалында эле чечип койсо болмок беле. Атамбаев алты жыл мамлекетти тайрандатып ар кандай былык иштер менен убара болду.
18.09.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жергиликтүү депутаттардын чырылдаган үнүн бийлик убагында укпай, алардын оозун жабам деп тергөөгө чакырып, эми Абулгазиевдин каза болгон аскерге топурак салганы барганы после пожар хуй насос болуптур да.Эми баары кеч, бийлик эмне кылсадагы түккө татыбай турган болуп калды.
isarti түзөттү 2019-09-18 09:29:16
18.09.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Карамат Орозова ушунчалык акылдуу болсо жакын болгон АШАга айтып бир күчтүү структура түзбөйт белең.
18.09.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутаттарды камаш керек каникулда эл кыдырмыш болуп чет элде эс алган
18.09.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аздык кылат андан коро мажбурлап бул аялды чек аранын жанына кочуруп отургузуш керек эле.Ошондо билет эле элдин кадырын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: