Депутат Кыргыз-Тажик чек арасында жана Кой-Таш окуясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө эки күндүк айлыктарын бөлүп берүүнү сунуштады
Депутат Кожобек Рыспаев Кыргыз-Тажик чек арасында жана Кой-Таш окуясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө эки күндүк айлыктарын бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баткенде мекенди коргогон чек арачы каза болуп, артында үч баласы калды. Жакында Кой-Таш окуясында аскер каза болду. Депутаттар алардын үй-бүлөсүнө эки күндүк айлыгын жардам катары берип койсок туура болот", - деди Рыспаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул боюнча токтом кабыл алынбай турганын айтып, каалаган депутаттар каражат которсо боло турганын белгиледи. Ал бул сунушту колдоорун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

А силер болсо жылуу креслого жабышып алгансыңар 70 80 миңге жейин айлык аласыңар колуңардан б*к та келбейт керексиз элиталар