Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы 72 жаштагы жолоочуну өлтүрө сүзүп кеткен айдоочуну издейт
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы коомчулукка кайрылды. Кайрылууда жолдон өтүп бара жаткан адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочуну табышууга жардам сурагандыгы жазылган.
Ага ылайык, ушул жылдын 15-сентябрында саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы Жаш Гвардия бульвары көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 72 жаштагы адамды сүзүп алып, ал окуя болгон жерде каза болгон.
"Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы бул кырсыкка күбө болуп калгандар болсо же кандайдыр бир маалыматтары болсо 0312 44-64-22, 0707 75-87-20 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Кабарлаган адамдын анонимдүүлүгү сакталат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
tynar92kg

18.09.2019. 10:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфонун жалпы жааматынын баарын алмаштырыш керек экен. Копчулугу туура эмес тантырап жазып жатат. Кайдайдыр бир эмес кандайдыр бир деп жазчы бай болгур. Башчынар ушул макаланарды окуп ката жазгандарга бир чара корот болду бекен.
muras111211

18.09.2019. 16:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан коё бербейт.жердин баары камера коюлган табылса экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.