super.kg logo

Баткендин жаштары Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөт башчы менен жолугат

 

Кечээ, 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук акимиатына Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалга нааразы болгондор топтолуп, жыйын уюштурушкан.

Активисттер алгач Ак Үйдүн алдына барып, бийликке нааразычылыгын, алардын чек ара маселесин чечип берүүсүн өтүнүп, талаптарын айтышкан. Андан кийин митингге чыккандарды милиция кызматкерлери акимиатка алып келишкен. Ал жерде нааразы болгон тараптардын, акимдин орун басары Мавлян Аскарбековдун жана өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болгон.

Аталган жыйында жаштар бийлик өкүлдөрүнүн берген жоопторуна канааттанышкан эмес.

Алар "28 жылдан бери чек араны чечип жатканыңарды айтып, алаксытып келдиңер. Бизге чек араны конкреттүү чечип бергиле" деген талаптарын коюшкан.

Жыйынтыгында алар тизме түзүп, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу уюштуруу чечимине келишкен.

Бүгүн, 18-сентябрда алар өкмөт башчы менен жолугушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Азизбек Салибай уулу билдирди.

"Биз бүгүн, 18-сентябрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча жолукканы Ак Үйгө барабыз. Бирок саат канчада жолуга турганыбыз анык боло элек. Ал жерге чек арага тиешелүү адамдардын келе турганы күтүлүп жатат", - деди Салибай уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: