super.kg logo

Депутат Момбеков: "Салык кодексине өзгөртүү киргизип эле жатабыз, бирок салык чогулбай жатат"

 

"Салык кодексине өзгөртүү киргизип эле жатабыз, бирок салык чогулбай жатат" деп бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Жыйында "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

"Мыйзам долбоору боюнча жалпак тилде, жакшы баяндама жасалды. Бул мыйзам инвестиция тартканга өбөлгө түзөт деп айтылды. 2020-жылы бул мыйзам кабыл алынса, 15 миллион доллардай кошумча акча түшүшү мүмкүн экендиги белгиленди. Бул мыйзам иштейби?

Канча убакыттан бери Салык кодексине өзгөртүү киргизип эле жатабыз, бирок салык чогулбай жатат. Салыкты чогултуу боюнча план аткарылып жатабы?", - деп сурады депутат.

Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев 6 айда 1 жарым миллиард сомго план аткарылбай калган, бирок август айында пландан ашык аткарылганын айтты. Ал билдиргендей, жылдын аягына чейин план толугу аткарылат.

Депутат Салык кызматынын башчысынан: "4-кварталдын салыгын салып койгон жоксуңарбы? Бул боюнча таап берсем кызматтан кетесизби?" - деп сурады.

Кабыл Абдалиев салык төлөөчүлөр салыкты алдын ала төлөгөнгө укугу бар экенин айтып, кызматтан кетүү тууралуу эч кандай пикир билдирген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: