super.kg logo

"Мектепке электрондук катталуу" системине сегиз жаштан жогору балдар каттала албайт

 

"Мектепке электрондук катталуу" долбоору быйыл сыноо катарында киргендиктен, ата-энелер айрым тоскоолдуктарга учурады. Долбоордун алкагындагы системге алты жана жети жаштагы балдар гана кирген. Бул курактан өтүп кеткен жеткинчектер каттоого алынбай калган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска кабыл алууда колдонулган "Электрондук каттоо" системине кирбей калган жеткинчектер, мектепке атайын комиссиянын чечими менен кабыл алынарын билдирди.

Балдарды мектепке берүү үчүн аталган комиссияга кайрылуу керек. Комиссия макулдук берсе, окуучулар толбой калган мектептерге жиберилет. Учурда мындай ыкма менен эки миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынган.

Ошондой эле "Электрондук каттоо" системи кийинки жылы Ош, Жалал-Абад жана Токмок шаарларындагы мектептерде иштеп баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: