super.kg logo

Президент Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды

 

Бүгүн, 18-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.

Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

Президент жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты.

Жаракат алгандарга президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Баткен облусундагы мамлекеттик чек арада атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 адам Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Алардын абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, жаракат алгандардын үчөөнүн оор абалына байланыштуу Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон жок жана аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.09.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Атамбаев кан жутуп эл азап тартып барбаган ушул турган Дача-Суга Жээнбеков жөнөкөйлүк кылып кабар алыптыр президентибизге рахмат.
18.09.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Bektur2011,Сооронбайынар аман эле болсун. Элдин Көзүнө көрүнбөй жоголсун. Элдин Сооронбайды көрөүн деген көзү. Жээнбековтор итсиңер. Атамбаев Сооронбайга караганда мыкты президент болчу. Соке Атамбаевтин чоң ошибкасы болду.
pat12 түзөттү 2019-09-18 12:48:52
18.09.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыйманы бар адам, озу барып кабар алыптыр.Конвертке акчасын салып жардамчысын жонотуп жибербей!Шыпаасын берип сакайып кетишсин.
18.09.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чептен эрдин кучу бек дегендей мамлекетке тируу чеп болуп берген азаматтар эртерээк айыгып кеткиле
18.09.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат! Мактоого татырлык иш жасаптыр. Оорулууларга ден-соолук тилейли.
18.09.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шыпаасын берип жакшы болуп кетсин, Урматтуу президент ушундай уруштун алдын алынызчы. 1см дагы жер сатылбасынчы, эл жер алам деп чет жакта тентип иштеп журот бала чакасын корбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: