super.kg logo

Бишкекте өрттөнүп кеткен салык инспекциясынын имаратынын ордуна бала бакча курулат

 

Мурда өрттөнүп кеткен Биринчи май салык инспекциясынын имаратынын ордуна жаңы бала бакча курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан бул объектини тургузуу үчүн капиталдык куруу башкармалыгы тендер жарыялады. Ага карата табыштамалар 2019-жылдын 8-октябрында каралат.

Бала бакчанын ачылышы кийинки жылдын күз айларына пландалып жатат. Жаңы бала бакча 2 кабаттан туруп, жалпы аянты 936 чарчы метрди түзөт. Ал жерде 90 бала тарбиялана алат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча 1390 бала бакча иштейт. Алардын 1248и мамлекеттик болсо, 432си жеке бала бакча. Мындан тышкары, Бишкек шаарында дагы 200 бала бакча жетишпейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: