super.kg logo

Акыйкатчы: "БУУнун адам укуктары боюнча комитети тарабынан Кыргыз мамлекетине карата 24 чечим чыгарылган"

 

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети тарабынан 2019-жылдын башында Кыргыз мамлекетине карата 24 чечим чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, чечимдин 21инде аталган комитет Кыргыз мамлекетинин 1994-жылдан бери катышуучусу болуп саналган жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыларда бекитилген адам укуктарынын бузууларын тааныган. Аталган комитеттин 13 даттануу боюнча каралуусу күтүлүп жатат.

"Адам укуктары боюнча комитеттин чечимдерин талдоо Кыргыз Республикасында орун алган негизги укук бузууларды көрсөтүп турат. Чечимдердин басымдуу бөлүгү, мурдагы жылдардагыдай эле кыйноолорду колдонуу, мыйзамсыз кармоолор, укуктук коргоонун сотко чейинки каражаттарына жеткиликтүүлүктүн жоктугу жана адилеттүү соттук териштирүүнүн принциптеринин бузулушуна караштуу маселелер", - дейт акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: