super.kg logo
  Саясат  

Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйү капиталдык оңдоодон өтүүдө

 
Бүгүн, 9-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүндөгү оңдоо иштери менен таанышты.  Аталган төрөт үйгө болгон иш сапарында өкмөт башчысы оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле жылытуу системине көңүл буруу тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, жыл сайын 5 миңге жакын ымыркай жарык дүйнөгө келген бул жай 1956-жылы курулган. Капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү максатында марафон өткөрүлүп, 5 миллион сом чогултулса, президенттин резервдик фондунан 1 миллион сом которулган. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 2 миллион сом каражат бөлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: