super.kg logo
  Спорт  

"Бишкекте футболдук инфраструктура эскирди". Мамлекет башчысы АФК президенти менен жолугушту

 

Бүгүн, 18-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа жана Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов менен жолугушту.

Анда футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи. "Кыргыз өлкөсүндө футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналат, бардык шаарларда жана айылдарда жаштар футбол ойношот", - деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча, мамлекеттик саясаттын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда Бишкек шаарында футболдук жана спорттук инфраструктура эскиргенин кошумчалап, борбор калаада футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа футболду колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн кыргыз тарапка ыраазылык билдирди. Ал Кыргыз мамлекетинин футбол Федерациясы менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, өз ара кызматташуунун болочок пландары тууралуу айтып берди. Салман бин Ибрагим Аль Халифа дагы ата мекендик футболду мындан ары өнүктүрүү демилгелерине жана Кыргыз өлкөсүндөгү футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов алдыда курула турган футбол борборлорунун 2 дизайн-долбоорун Сооронбай Жээнбековго тааныштырды. Маматов өлкө башчыга Бишкекте жана Ысык-Көлдө АФК жана ФИФАнын колдоосу менен мамлекет тарабынан бөлүнгөн жер тилкеге курула турган аянттардын долбоорун көрсөттү.

Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Кыргыз өлкөсүнө кечээ, 17-сентярда келди. Анын иш сапары 19-сентябрда аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.09.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдон келсе Нарынга Баткенге ар бир облустарга чон чон стадиондорду куруш керек. Бишкек менен Ошко эле конул бура бербей.
18.09.2019. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жети обласка бирден стадион куруш керек. Ага кеминде 25 миң адам бата турган болсо анда азия чемпионатын өткөрүүгө болсо керек минимче
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: