Өкмөт башчы иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 9-августта Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Ал Ош-Исфана унаа жолунун курулушу менен таанышты. "Бул жол оңдолуп бүтсө, Баткен облусунун транзиттик потенциалы эки эсе өсөт. Тургундарга иш орду пайда болот, аймактагы салык чогултуунун суммасы жогорулайт. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын социалдык көйгөйлөрү бат чечиле баштайт", -деди премьер-министр. Айта кетсек, Сатыбалдиев бүгүн облустагы Сох анклавын айланып өтчү жолдун ачылыш аземине катышат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

