Депутат чет өлкөлөрдө Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүн ачуу керектигин айтты
Депутат Нурбек Тотонов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чараларын күчөтүү, чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө жаткан Кыргыз жарандарына юридикалык жардам берүү зарылдыгына токтолду. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Акыйкатчы институту чет өлкөлөрдө, өзгөчө Кыргыз жарандары көп жүргөн Орусияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу зарыл. Албетте, каржылык жактан кыйынчылыктар бар. Бирок бекер иштеп берейин деген жарандарыбыз жок эмес. Азырынча ошондой мигранттарды ишке тартыш керек", - деди депутат.
Акыйкатчы Токон Мамытов ушу тапта Орусиянын аймагында 710 миӊ Кыргыз жараны иштеп жана жашап жатканын айтты. Ал Орусияга буга чейин 3-4 жолу барып, тийиштүү органдардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салды. Чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү ачуу ниети бар экенин, кошумча штаттарды кармоо үчүн каражат республикалык бюджет аркылуу чечиле турганын белгиледи. Маалыматка ылайык, азыркы учурда Орусияда 1293, Казакстанда 241, Өзбекстанда 64 Кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.




1 |